Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
3-февраль күнү түнкүсүн республика боюнча жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден тоолуу райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 3-февралда, күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында күн ачык болот. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында 9…14, Таласта 8…13 градус жылуу болушу ыктымал. Нарын өрөөнүндө -5…-10 градус суук, ал эми Ысык-Көл аймагында 3…8 градус жылуу болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан жаабайт. Күндүн табы борбор калаада 11…13, Ошто 9…11 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0