Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Бейшемби күнү жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Бейшемби күнү, 30-январда, республикада күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүйдө +4...+9, Ысык-Көлдө +1...+6, Талас аймагында +2...+7, Баткенде +6...+11, Ош, Жалал-Абад облустарында +5...+10 градус жылуу, ал эми Нарын жергесинде -4...-9 градус суук болот.

Борбор калаа Бишкекте күндүн табы +6...+8, Ошто +8...+10 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0