Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
21-декабрдан 23-декабрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондоруна кар көчкү түшүүcү күтүлөт.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. 23-декабрь, дүйшөмбү күнү республика боюнча туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Туман түшөт. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -3...-8, Ош, Жалал-Абад, Баткенде -3...+2, Нарын жергесинде -5... -10, Ысык-Көл өрөөнүндө -4...+1 градусту көрсөтүп турат.

Ош шаарында кар жаап, күндүн табы -1...+1 градуска жетсе, борбор калаада күн ачык болуп, -4...-6 градус суук болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0