Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүУнаа жолу. Архив
Унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
18-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар түшөт.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Шаршемби күнү Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, кар жаап, тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде кар түшөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Күндүн табы Чүй, Талас аймактарында +1...+6, Ысык-Көлдө -2...+3, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +3...+8 градус жылуу, Нарын жергесинде -3…-8 градус суук болот.

Абанын температурасы борбор калаа Бишкекте +4...+6 градус болсо, Ошто +6…+8 градус жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0