Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүПервый рассвет после полярной ночи в Мурманске
Первый рассвет после полярной ночи в Мурманске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Ишемби күнү, 23-ноябрда, түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө -2...+3, Талас аймагында -4...+1, Нарын, Ысык-Көл жергелеринде 0...+5, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +1…+6 градус жылыйт.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, Ош шаарында жамгыр, кар жаайт. Күндүн табы борбор калаада -0…+2 градус болсо, Ошто термометрдин көрсөткүчү +4…+6 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0