Шейшембиге карата аба ырайы

© AFP / CHIP SOMODEVILLAПроливный дождь на Пенсильвания-авеню в Вашингтоне
Проливный дождь на Пенсильвания-авеню в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Шейшемби күнү, 5-ноябрда, зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй жана Талас жергесинде +1...+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5...+10, ал эми Ысык-Көлдө +1...+6 жана Нарын аймагында 0...+5 градус жылуу болот.

Бишкекте кар, Ош шаарында жамгыр жаайт. Күндүн табы борбор калаада +3...+5 жана Ошто +7...+9 градус болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0