Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековДайыр Асанов атындагы сейил багы
Дайыр Асанов атындагы сейил багы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республика боюнча күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Жекшемби күнү жаан-чачын жаабайт, өлкө аймагы боюнча күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +15…+20, Талас жергесинде +16…+21, Ысык-Көл менен Нарында +11…+16, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +18…+23 градус жылуу болот.

Бишкекте күндүн табы +17…+19 градуска чейин жетсе, Ош калаасында абанын температурасы +21…+23 градуска дейре көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0