Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбүдө түнкүсүн республиканын тоолуу райондоруна кар түшүшү мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 7-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй облусунда +20… +25, Таласта +19...+24, Нарын аймагында +14...+19, Ысык-Көлдө +15…+20, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21…+26 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында  жаан-чачын жаабайт, күндүн табы борбор калаада +22...+24, Ошто +23…+25 градус болору болжолдонду.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0