Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКүндөн калкаланып жаткан кыз. Архив
Күндөн калкаланып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. 8-июлда тоолуу өрөөндөрдө жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй облусунда +31…+36, Таласта +30…+35 градусту түзөт.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +32…+37 градус ысык болот.

Ысык-Көлдө күндүн табы +23…+28 градуска көтөрүлсө, Нарында бул көрсөткүч +21…+26 градуска жетет.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы +34…+36 градуска чамалап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0