Жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. 21-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир аймактарында, Чүй Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткендин тоолуу өрөөндөрүндө жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +30…+35 градус жылуу болот.

Таласта +29…+34, Ысык-Көлдө +21…+26 жана Нарын жергесинде күндүн табы +22…+27 градуска көтөрүлөт.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы +32…+34 градусту түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0