Жумага карата аба ырайы

© AFP / LOIC VENANCEЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жума күнү тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. 7-июнда кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, Чүйдө +23…+28, Талас облусунда +21…+26 градус болору айтылды. Ош, Баткен жана Жалал-Абад жергесинде +25…+30 градусту көрсөтөт. Ысык-Көлдө +18…+23 жана Нарын аймагында +19…+24 градус жылуу болору болжолдонду.

Ош жана Бишкек шаарында түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы Ошто +27...+29, Бишкекте +26...+28 градус ысык болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0