Жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. 10-майда республика боюнча күн ачык болору айтылды. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй жана Талас облустарында +25…+30 градус жылуу болот.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад жерлеринде +27…+32 градус болору күтүлөт.

Ысык-Көлдө +16…+21, Нарын аймагында +19…+24 градус жылуу болору болжолдонду.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +30...+32, Бишкек шаарында +26...+28 градус болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0