Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Фото / Геннадий ЗакировАлтын-Арашан капчыгайы. Архив
Алтын-Арашан капчыгайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. 6-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында +18…+23 градуска жетет.

Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө күндүн табы +13…+18 градуска көтөрүлөт.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында абанын температурасы +22…+27 градусту түзөт.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы Ош калаасында +25…+27 градуска жетсе, Бишкекте күндүн табы +20…+22 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0