Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
28-апрелде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде абанын температурасы -1…-3 градус болуп үшүк жүрүшү күтүлөт.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Жекшемби күнү, 28-апрелде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр жаашы, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй облусунда +16…+21, Талас өрөөнүндө +14…+19 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17…+22, Ысык-Көл жергесинде +13…+18 жана Нарын аймагында +14…+19 градус болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы Ошто +19...+21, Бишкекте +18…+20 градуска жетери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0