Ноорузга карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 20-мар.— Sputnik. Бейшемби күнү, 21-мартта, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жете турганын Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +12…+17, Таласта +14…+16, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +13…+18 градус жылуу болот.

Ысык-Көл облусунда +10…+12, Нарын аймагында +6…+8 градус болору айтылды.

Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13…+15 градус, ал эми Бишкекте күн ачык болуп, күндүн табы +14…+16 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0