Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Михаил ДудинБишкек шаарындагы турак үй. Архив
Бишкек шаарындагы турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 26-ноя — Sputnik. 27-ноябрда республиканын көпчүлүк райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында +1…+6 градус жылуу болот.

Ысык-Көл менен Нарын өрөөнүндө 0…+5, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3…+8 градуска жетери айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында кар жаап, борбор калаада абанын температурасы +3…+5, Ош шаарында +5…+7 градус болушу болжолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0