Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Жекшемби күнү Ысык-Көл менен Нарында жаан жаап, тоолорго кар түшүү ыктымалдыгы күч экенин Кыргызгидромет билдирди. Калган аймактарда күн ачык болот.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй облусунда абанын температурасы 22…27 градуска чамалап барса, Таласта 20…25 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад менен Баткен дубандарында күндүн табы 23…28ге чейин көтөрүлөт. Ысык-Көлдө 16…21, ал эми Нарында 15…20 градус жылуу болору айтылды.

Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болот. Абанын температурасы борбор калаада 24…26, Ошто 25…27 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0