Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровПроспект Ч. Айтматова в Бишкеке
Проспект Ч. Айтматова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди жетет.

БИШКЕК, 10-сен — Sputnik. Республика боюнча 11-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй облусунда +22…+27, Таласта +21…+26 градуска чамалап барат.

Ысык-Көл менен Нарын өрөөнүндө +20…+25, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26…+31 градус ысык болот.

Ош калаасында абанын температурасы +28…+30, Бишкек шаарында +23…+25 градус болушу болжолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0