Жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 6-сен — Sputnik. 7-сентябрда Кыргызстандын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +22…+27 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26…+31, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +22…+27 градус ысык болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы Бишкекте +26…+28 градуска жетсе, Ош шаарында +29…+31 градус ысык болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0