Таластын токоюна жайылган өрт толук өчтү

© Фото / пресс-служба МЧС КРТалас облусунун Алмалуу тоосуна жакын жердеги Кара-Арча токоюндагы өрт толугу менен өчүрүлдү
Талас облусунун Алмалуу тоосуна жакын жердеги Кара-Арча токоюндагы өрт толугу менен өчүрүлдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таластын Алмалуу тоосунда чыккан өрт 10 күндөн бери өчүрүлүп жатат. Ал ортодо жалын токойго дагы өтүп кеткен.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Талас облусунун Алмалуу тоосуна жакын жердеги Кара-Арча токоюндагы өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

28-июлда Алмалуу тоосунда өрт чыгып, өчүрүлгөн. Бирок жалын кийин кайта тутанып, Кара-Арча токоюна жайылган.

"Өрт агенттиктин, ӨКМдин, чек ара кызматынын жана жергиликтүү тургундардын көмөгү менен өчүрүлдү. Тилсиз жоо менен жалпысынан 500дөй киши күрөшкөн. Жалындын кайра тутанып кетишин алдын алуу үчүн нөөмөт коюлду", — деп айтылат маалыматта.

Учурда өрт келтирген чыгым жана жалын жайылган жердин так аймагы эсептелип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0