Министрлик: 1-сентябрда сабак өтүлбөйт, бирок мектепке барууга туура келет

Жазылуу
Окуу жылы мурункудай эле 1-сентябрда башталат.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Ишембиге туура келген 1-сентябрда Кыргызстанда Билим күнү белгиленип, мектептерде сабак өтүлбөйт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Бул күнү окуу жайларында Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган майрамдык салтанаттар жана класстык сааттар өтөт. Иш-чара 10.00гө белгиленген.

Кыргызстан боюнча балдарды мектепке даярдай турган 4,5 миң класс ачылды - Sputnik Кыргызстан
Балдарды мектепке даярдоо үчүн өлкө боюнча 4,5 миң класс ачылды
Окуу шейшемби күнү, 4-сентябрда, башталат. Анткени өкмөттүн чечими менен 7-май майрамы 3-сентябрга жылган. Мындай чечим 2-сентябрда баштала турган Көчмөндөр оюнуна байланыштуу кабыл алынган.

Министрлик 1-сентябрда өтүлчү класстык сааттар үчүн магулимдерге кадимки айлык акы эсептелерин белгиледи.

Буга чейин аталган мекеме Жогорку Кеңештин депутаттарынын сунушу менен окуу жылынын башталышын 10-сентябрга жылдыруу маселесин караган. Окуу мөөнөтүн жылдыруу балдардын ден соолугуна оң таасир берери айтылып, эс алуу убактысын натыйжалуу пайдалануу зарылдыгы кошумчаланган. Талкуудан кийин эл өкүлдөрүнүн сунушу четке кагылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0