Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Жекшемби күнү өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-июнда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүйдө 30…35, Таласта 28…33 градус жылыса, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда 31…36 градуска чейин жогорулайт. Ал эми Ысык-Көл менен Нарында 23…28 градус жылуу болот.

Бишкек шаары менен Ош калаасында абанын температурасы 33…35 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0