Дем алышта күн кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу

Жазылуу
Тоо этектери менен бийик тоолуу аймактарга кар түшсө, өрөөндөрдө өткүн өтөт.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Ишемби, 23-июнда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Кыргыз тоо кыркаларында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй, Талас облустарында түндө 12…19 градус жылуу болсо, күндүз 27…35 градуска чейин ысыйт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түндө 15…20 градуска дейре жылыса, күндүз 31…36 градуска чейин көтөрүлөт. Ал эми Ысык-Көл менен Нарын облусунда түндө 6…13 градус жылуу болсо, күндүз 23…28 градуска чейин ысыйт.

Озера на территории Карагачевой рощи - Sputnik Кыргызстан
Июль айына карата аба ырайы
Ал эми жекшемби, 24-июнда, түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй, Талас облустарында түндө 12…20 градуска чейин жылуу болсо, күндүз күндүн табы 21…28 градуска чейин көтөрүлөт. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түндө 13…18 градус болсо, күндүз 23…28 градуска чейин ысык болот.

Ысык-Көл менен Нарын облусунда түндө 6…13 градус жылыса, күндүз 19…24 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкек шаарында 23-24-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ишембиде түндө 17…19 градуска чейин жылуу болсо, күндүз 33…35 градуска чейин ысыйт. Ал эми жекшембиде түндө 18…20 градус жылыса, күндүз 25…27 градуска чейин ысык болот.

Ош шаарында 23-24-июнда түнкүсүн жаан жаабайт. Ишемби күнү абанын температурасы күндүз 34…36 градуска чейин көтөрүлсө, жекшембиде түндө 16…18 градуска чейин жылуу болуп, күндүз күндүн табы 26…28 градуска дейре жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0