07:04 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2506
  • RUB1.0910
Спецназ. Архивдик сүрөт

Террорчулар Кыргызстандын эмнесине кызыгып жатканы айтылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
88711

Бүгүнкү күндө "терроризмдин очогу" Жакынкы Чыгыштан Афганистанды көздөй ооп барат.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстан эл аралык террордук уюмдарды кызыктырган объектилердин бири болуп эсептелет. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Евразия экономикалык бирикмесинин террорчулукка каршы форумунда билдирди.

Анын айтымына караганда, Жакынкы Чыгыш менен Афганистанда террордук активдүүлүк өсүп жатат. Негизги ролду "Ислам мамлекети" жана аны менен байланышы бар уюмдар ойноодо. Аталган факты ЕАЭБдин туруктуулугуна таасир этип жатканы айтылды.

"Бүгүнкү күндө "терроризмдин очогу" Жакынкы Чыгыштан Афганистанды көздөй ооп барат. "Ислам мамлекети" Борбордук Азия менен Кытайдагы Синьцзян-Уйгур автономдук районуна кол салуу боюнча планын ачык эле жарыялап жатат", — деди Сагынбаев.

Ал ошондой эле башка өлкөлөрдүн, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигинин аймагына дагы коркунуч жаралып жатканын белгилеген.

"Кыргызстан эл аралык террордук уюмдар тарабынан адамдардын "транзити", террорчулуктун очогун түзүү үчүн объект катары каралууда", — деди Сагынбаев.

Ал ошондой эле адамдарды өзүнө тартуу үчүн атайын ыкмалардын түрү өнүгүп жатканын кошумчалады.

Тема боюнча

Путин РФге Сирияда терроризм менен күрөшүүдө кайсы өлкөлөр жардам бергенин айтты
Россияда КР жараны терроризмге айыпталып 12 жылга эркинен ажырады
КРде терроризм жана экстремизм боюнча соттолгондордун саны үч эсеге көбөйдү
Белгилер:
терроризм, "Ислам мамлекети" террордук тобу, Афганистан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ