Өкмөт күйүүчү май эмнеге кымбаттап жатканына түшүндүрмө берди

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүУнаага бензин куюп жаткан айдоочу. Архив
Унаага бензин куюп жаткан айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери күйүүчү майдын чекене баасы орто эсеп менен 5,8 пайызга жогорулады.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Вице-премьер Замирбек Аскаров күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) рыногундагы абал боюнча кеңешме өткөргөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери күйүүчү майдын чекене баасы орто эсеп менен 5,8 пайызга жогорулады.

Строительство магистрального газопровода Бухарский газоносный район —Ташкент — Бишкек — Алматы - Sputnik Кыргызстан
Сыдыков: кыргыз-кытай газ түтүгү Алай менен Чоң-Алайды бөлбөйт
"Россиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордун дүң баасынын жогорулашынын натыйжасында нарк көтөрүүлүүдө. 2017-жылдын октябрь айынан тарта мунайды кайра иштетүүчү бир катар ишканаларда оңдоо иштери болуп, алардын токтотулушу да негизги себептердин бири. Натыйжада башка мунай өндүрүүчү заводдор мунай өндүрүү көлөмүн арттыргандыгына карабастан, рыноктогу баа жогорулап жатат", — деп айтылат маалыматта.

Майдын кымбатташына мунайга карата дүйнөлүк баанын көтөрүлүшү дагы себеп болгон.

"Чийки мунайга карата баанын үзгүлтүксүз жогорулашы алты жумадан бери уланууда. 2018-жылдын май айында гана баанын өсүшү 9-10 пайызды түзүп, акыркы 3,5 жылда алгач ирет баррелине 80 доллардан жогору болду. Бул Европа мамлекеттеринде мунай продуктуларынын наркынын кескин жогорулашына алып келди", — деп айтылат өкмөт тараткан билдирүүдө.

Граница между Киргизией и Казахстаном - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев: Казакстан менен товар жүгүртүүбүз бир миллиард долларга көбөйтүлөт
Кеңешмеде аталган факторлордон улам россиялык мунай продуктусун европалык багытта экспорттоонун мааниси күч алгындыгы баса белгиленди. Эгерде апрель айында Санкт-Петербургдун товардык-сырье биржасында мунайдын тоннасы 711 АКШ долларын түзсө, май айында анын баасы 825 АКШ долларга жеткен.

Кеңешме жыйынтыгында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине күйүүчү май рыногундагы баанын абалына мониторинг жүргүзүп, наркты көзөмөлдөп туруу тапшырылды.

Ошондой эле Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине атамекендик мунай өндүрүү ишканаларынын өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу үчүн чараларды кабыл алуусу милдеттендирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0