Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Айрым аймактарда аба ырайынын температурасы 32 градуска чейин жетет.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Өлкөдө 26-май күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31 градус ысык болот. Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30 градуска жетет.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32 градус ысык болушу күтүлөт.

Ал эми Ысык-Көл менен Нарында түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23 градус жылуу болушу ыктымал.

Бишкек шаарында түнкүсүн 10…12, күндүз 28…30 градус ысык болот. Ош шаарында түнкүсүн 14…16, күндүз 29…31 градус ысык болушу күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0