Май майрамдарынан улам кыргызстандыктар катары менен үч күн эс алат

© Sputnik / Табылды КадырбековКлумбы тюльпанов в центре Бишкека
Клумбы тюльпанов в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Май айында үч майрам бар.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Май майрамдарынан улам кыргызстандыктар катары менен үч күн эс алмай болду. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, 30-апрель (дүйшөмбү) эс алуу күнү болот, бирок беш күн иштеген мекемелер 28-апрелде (ишемби) ишке чыгат.

2018-жылдагы өлкөдөгү дем алыш күндөр - Sputnik Кыргызстан
2018-жылдагы дем алыш күндөр
Ошентип кыргызстандыктар 29-апрелде (жекшемби), 30-апрелде (дүйшөмбү) жана 1-майда (шейшемби, эмгекчилердин тилектештик күнү) эс алышат.

Андан сырткары 5-май (Конституция күнү) ишембиге туура келгендиктен 7-май (дүйшөмбү) эс алуу күнү деп жарыяланды. Бирок эл 2-сентбярда Ысык-Көлдө баштала турчу Көчмөндөр оюндарын көрүүсүнө шарт түзүү үчүн 7-майдагы эс алууну 3-сентябрга жылдыруу чечими кабыл алынды.

Эми 5-6-майдагы эс алуу күнүнөн кийин 7-май иш күн болот

9-майда Жеңиш майрамы белгиленгендиктен эс алуу күнү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0