Күн сууктайт! Дем алыш күндөрүнүн аба ырайына божомол

Жазылуу
Кыргызгидромет дем алыш күндөргө карата аба ырайынын божомолун жарыялады

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Ишемби жана жекшемби күндөрү аба ырайы кандай болорун синоптиктер маалымдады.

Центральная площадь Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Эске салабыз! Дүйшөмбү иш күн эмес
Ага ылайык, ишемби, 7-апрелде, эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар түшөт.

8-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо көнөктөп жамгыр жаашы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Ишембиде Чүй, Таласта түндө 9…14 градус жылуу болсо, күндүз 11…16 градуска чейин жылыйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түндө 10…15 градус жылыса, күндүз күндүн табы 17…22 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көлдө түндө 0…5, күндүз 13…18 градуска чейин жылыйт. Нарында түндө 1 градус сууктан 4 градуска чейин жылып, күндүз 14…19 градуска чейин ысыйт.

Жекшемби, 8-апрелде, Чүй менен Таласта түндө 2…9 градус жылып, күндүз 8…13 градуска чейин жылуу болот. Ош, Жалал-Абад, Баткенде түндө 7…12 градус жылып, күндүз 13…16 градуска чейин жылыйт.

Ысык-Көлдө түндө 2 градус сууктан 3 градуска чейин жылуу болуп, күндүз 6…11 градус жылыйт. Нарында түндө 1 градус сууктан 4 градуска чейин жылып, күндүз күндүн табы 8…13 градуска дейре көтөрүлөт.

Дождь в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Күндүн көзү качан ачылат? Келерки аптага карата аба ырайы
Бишкекте 7-апрелде күндүз жана 8-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетиши күтүлөт. Түндө 10…12 градус жылыса, күндүз 13…15 градуска чейин жылуу болот. Ал эми жекшембиде түндө 6…8 градус жылуу болуп, күндүз 10…12 градуска чейин жылыйт.

Ошто 7-апрелде күндүз жана 8-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Ишемби күнү түндө 11…13 градус болсо, күндүз 19…21 градуска чейин көтөрүлөт. Жекшембиде түндө 9…11 градус жылуу болуп, күндүз күндүн табы 13…15 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0