Дем алыш күндөрү аба ырайы кандай болот?

Жазылуу
Ишемби жана жекшемби күндөрү күндүз Кыргызстандын бардык аймагында аба ырайы жылуу болот

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Өлкө аймагында дем алыш күндөрү аба ырайы кандай болорун Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, 10-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Түштүктөн соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.

Ишемби күнү Чүйдө күндүз 21 градуска чейин ысыса, Таласта күндүн табы 20 градуска чейин көтөрүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткенде күндүз 17…22 градус ысыйт.

Празднование национального праздника Нооруз в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар Ноорузга карата бир күн эс алат
11-мартта болсо Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Күндүз айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кээ айрым аймактарда жаан жаайт.

Чүйдө түндө 2…7 градус жылуу болсо, күндүз 6…11 градус жылыйт. Таласта түндө 1…6 градус жылуу болуп, күндүз күндүн табы 5…10 градус болот. Ош, Жалал-Абад, Баткенде түндө 4…9 градус жылуу болсо, күндүз 7…12 градуска чейин ысыйт, Ысык-Көлдө түндө 3 градус сууктан 2 градуска чейин жылуу болуп, күндүз 7…12 градус жылуу болот. Нарында түндө 3…8 градус суук болуп, күндүз 2…7 градус жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0