Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүШаар тургундары. Архив
Шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү кээ бир тоолуу райондордо бир аз жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Күндүн табы Чүй менен Таласта 5…10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 9…14, Ысык-Көлдө 5…1 градус жылуу болот. Ал эми Нарын аймагында 4 градус сууктан, 1 градуска чейин жылуу болушу күтүлүүдө.

Бишкек шаарында күн ачык болуп 15 градус жылуу болсо, Ошто абанын температурасы 17 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0