БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Ата Журтту коргоо күнү белгиленчү 23-февраль майрам катары эс алуу күнү болуп саналат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, дем алыш күн Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык жарыяланды. Ал эми 96-беренеге ылайык, майрам алдындагы иш күндүн узактыгы бир саатка азайтылат.
Мындан улам бул жума кыргызстандыктар үч күн катары менен эс алмай болду.