Кыргыз-кытай чек арасы бир жумага жабылат

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүБелорусско-латвийская граница
Белорусско-латвийская граница - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай сунушту Кытай тарап демилгелеген

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кытайда улуттук "Жаз майрамы" белгиленгендигине байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл өткөрүү жайлары убактылуу жабылат. Мындай сунушту Кытай тарап демилгелегенин Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Ага ылайык, эки өлкөнүн ортосундагы "Торугарт" менен "Эркеч-Там" көзөмөл өткөрүү жайлары 15-февралдан 21-февралына чейин жабык болот.

"Аталган күндөрү жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат", — деп айтылат маалыматта.

Көзөмөл өткөрүү жайлары 22-февралдан тарта кадимки нукка түшүп иштей баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0