Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүШаар тургундары. Архив
Шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кардын аз болушу себилген күздүк кылкандуу дан эгиндери үчүн кооптуу

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү да катуу суук болорун Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө абанын температурасы —11…-16 градуска чейин төмөндөйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында —1…-6 градус суук болот. Ысык-Көлдө —3…-8 болсо, Нарында сууктун күчү —9…-14кө жетери айтылды.

Бишкекте кар жаабайт. Жолдор тайгак болот. Абанын температурасы —13…-15, ал эми Ош шаарында —2…-4 градус болот.

Кыргызгидромет күн качантан баштап жылый турганын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0