Кыргызстанда жылына кыздарды ала качкан 15 000ге жакын учур болот

© AP Photo / Marcelo RuizЭшиктин артында турган кыз, Архив
Эшиктин артында турган кыз, Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн мектептеринде жашы жете элек кыздардын эрте үй-бүлө куруусунун алдын алуу максатында семинарлар өтүүдө

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Кыргызстанда жылына кыздарды ала качкан 15 000ге жакын учурлар болот. Бул туурасында Балыкчы шаарынын мектептериндеги окуучуларга жашы жете элек кыздардын эрте үй-бүлө куруусунун алдын алуу максатында өткөн семинарда айтылды.

Иш-чараны өткөрүү демилгеси Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери "Билим бакча" коомдук маданий билим берүү, изилдөө борбору болду.

"Статистика боюнча жылына 15 000ге жакын ала качуулар болот. Анын ичинен 18ге жашы жете электер 14 пайызды, 15ке жашы жете электер 1 пайызды түзөт. Мындай көрүнүштөр кайра эле кийин коомго көйгөй жаратпай койбойт", — деди "Билим Бакча" коомдук маданий билим берүү борборунун жетекчиси Шадыманова.

Ал коомчулуктагы ажырашуу, жакырчылык, толук эмес үй-бүлөлөрдүн санынын көбөйүшү, гендердик дискриминация да эрте үйлөнгөндөрдүн арасында көп кездешип жаткандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0