08:14 11 Бештин айы 2017
Түз эфир
Көчөдө акча сураган аял. Архивдик сүрөт

БУУ Кыргызстанда канча киши курсагы тоё тамак ичпей турганын аныктады. Доклад

© Sputnik / Виталий Аньков
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
27101

Европа менен Борбор Азиядагы мамлекеттерде 14,3 миллион киши жетиштүү деңгээлде тамактанбайт.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Кыргызстанда 400 миң киши же жалпы калктын 6,4 пайызы курсагы тоё тамак ичпей ачкачылыктан жабыркайт.

Мындай маалыматтар Бириккен Улуттар Уюмунун азык-түлүк жана айыл чарба программасынын эксперттери тарабынан түзүлгөн "Европа жана Борбор Азияда 2017-жылы азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу жаатындагы жобо" аттуу докладында айтылат.

Ага ылайык, Европа менен Борбор Азиядагы мамлекеттер ачкачылык менен күрөшүүдө бир топ алгылыктуу иштерди жасаган. Ага карабастан аймактагы 14,3 миллион киши жетиштүү деңгээлде тамактанбайт.

Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен Тажикстанда абал өтө оор, тагыраагы 2,6 миллион киши (калктын 30 пайызы) курсагы тоё тамак ичпейт. Өзбекстанда дээрлик 2 миллион киши ырастап тамак жебейт. Түркмөнстанда 300 миңге жакын киши чала тоют болуп жүрөт.

Эң жакшы абал Казакстанда. Бул мамлекетте жашаган калктын 2,5 пайызы гана башкача айтканда 450 миң киши дайыма курсагы ток жүрбөйт.

Тема боюнча

Соцэксперимент: "бай-кедей" — өтүп бара жаткандар кимисине көбүрөөк жардам беришти
Археолог: Англиядагы бай жана кедей үй-бүлөнүн балдары орто кылымда бирдей тамактанышкан
Белгилер:
ачкачылык, тамак-аш, доклад, азык-түлүк, БУУ
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ