Бишкектиктер мектептеги балдарын онлайн көзөмөлдөй алат

© Sputnik / Табылды КадырбековМектеп окуучулары сабак учурунда. Архив
Мектеп окуучулары сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул долбоор жашы жете элек балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында ишке ашырылууда

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкектиктер эми мектептеги балдарын онлайн режимде көзөмөлдөй алат. Sputnik Кыргызстан радиосунун "Особый акцент" берүүсүндө шаар мэринин орун басары Айгүл Рыскулова билдирди.

Анын айтымында, мэрия Улуттук банк менен биргеликте "Окуучунун картасы" пилоттук долбоорун бир нече мектепте ишке ашырууну көздөп жатат.

"Бала мектепке кирээри менен аталган карта окуучунун келгенин өзүнө белгилеп, ата-энеге белги кетет. Ал ашканага кирип бир нерсеге сатып алганда дагы ата-энеге ал тууралуу кабар берет", — деди Рыскулова.

Ал кошумчалагандай, бул долбоор жашы жете элек балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында ишке ашырылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0