Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү айрым жерлерде бир аз жаан жаап, тоолордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй, Талас өрөөнүндө, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 19…24, Ысык-Көл менен Нарында 14…19 градус жылуу болот.

Ош менен Бишкек шаарларында күн ачык болуп, 23…24 градус жылуу болушу күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0