Жолдордун абалы боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 122-орунду ээледи

Жазылуу
Рейтингде Кыргызстан Ливан менен Коста-Рика өлкөлөрүнүн ортосунда турат.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Дүйнөлүк экономикалык форумдун эксперттери жыл сайын дүйнөдөгү жолдордун сапатын аныктаган Global Competitiveness Index рейтингин жарыялады.

Ремонт дороги на участке улицы Гагарина в жилом массиве Ак-Ордо - Sputnik Кыргызстан
Зымырап жүрүп калабыз. Калаада жасалып жаткан жолдордун картасы
Изилдөөчүлөр Кыргызстандын жолдорун 7 баллдык эсептен 2,7 балл менен баалады. Ага ылайык начар жолдордун катарына кирип 122-орунду ээледи. Рейтингде Кыргызстан Ливан менен Коста-Рика өлкөлөрүнүн ортосунда турат.

Адистер 137 өлкөнү изилдеп чыгышкан. Анын натыйжасында Бириккен Араб Эмирлиги, Сингапур, Швейцария, Гонконг жана Нидерланды өлкөлөрү рейтингдин сап башына чыккан.

Ал эми Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Тажикстандын жолдору мыкты деп табылып, жалпы эсепте 70-орунга чыккан. Андан кийин коңшу Казакстан 115-орунда турат.

Эң жаман жолдор Гаити, Конго демократиялык республикасы жана Мавританияда экени көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0