Аба ырайы: эртең күн салкындайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКол чатырчан кыздын архивдик сүрөтү
Кол чатырчан кыздын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаап, бийик тоолорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-сентябрда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Чүй, Талас өрөөнүндө 14…19, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 18…23, Ысык-Көл облусу менен Нарында 12…17 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0