Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Геннадий ЗакировТоолор. Архив
Тоолор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бейшемби күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй, Талас өрөөнүндө 23…28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 25…30, Ысык-Көл, Нарын облустарында 20…25 градус жылуу болот.

Ош менен Бишкек шаарларында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы 27…29 градуска дейре көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0