Быйыл август айы былтыркыдан ысык болот

© AFP / YASIN AKGULТуристический сезон в Стамбуле
Туристический сезон в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктердин айтымында, айдын башында аптаптуу аба ырайы сакталат

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Август айы былтыркыга салыштырмалуу ысык болорун Кыргызгидрометтин метеорология бөлүмү билдирди.

Синоптиктердин айтмында, абанын температурасы нормадан 1-2 градус ысык болуп, орточо ысыктык 23-25 градус болот.

"Айдын башында аптаптуу аба ырайы сакталып, түнкүсүн 20, күндүз 37 градуска чейин жетет. Ошондой эле эң жогорку температура 40,5 градуска чейин ысыйт. Акыркы жолу мындай ысык 1997-жылы 16-августта катталган", — деп айтылат маалыматта.

Августтун экинчи жана үчүнчү декадасында аба ырайы түнкүсүн 16 градус, күндүз 35 градуска чейин ысыйт.

Жайдын акыркы айында былтыркыга караганда жаан-чачын да аз болот.

Бишкектин шаарындагы бассейндер, алардын дареги жана баалары тууралуу Sputnik Кыргызстан картасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0