Атамбаев: Кыргызстанда жыл аягына чейин кулайын деп турган мектептер калбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековВопрос БГК: почему столичная школа № 44 до сих пор в аварийном состоянии
Вопрос БГК: почему столичная школа № 44 до сих пор в аварийном состоянии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчысы жаштардын көбү айылдагы билим берүү жайларында иштөөнү каалап жатат деген пикирин билдирди

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Жыл аягына чейин Кыргызстанда авариялык абалдагы бир да мектеп калбайт. Бул туурасында президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө салым кошкондорду сыйлоо аземинде сүйлөп жатып билдирди.

Президент жалпысынан 133 кишиге сыйлык тапшырса, анын жарымы педагогдор болду.

"Бардык мектептерди текшеребиз, кудай буюрса жыл аягына чейин бир дагы авариялык абалдагы мектептер калбайт. Айрымдарын капиталдык жактан оңдосок, бир катарларын жаңы курабыз", — деди президент.

Ал ошондой эле мугалимдик кесиптин баркы көтөрүлүп, жаштардын көбү айыл жериндеги мектептерде иштөөнү самап жатат деген пикирин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0