Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн аялдын архивдик сүрөтү
Кол чатыр көтөргөн аялдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Жекшемби күнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Чүй менен Талас өрөөндөрүндө 28-33 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 33 градус, ал эми Ысык-Көл менен Нарында 23-28 градус ысык болот.

Ал эми Ош, Бишкек шаарларында күн ачык болуп, 33 градуска чейин ысыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0