Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүКол чатырчан кыздын архивдик сүрөтү
Кол чатырчан кыздын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Ишемби күнү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

Чүй менен Талас өрөөндөрүндө 22…27 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 25…30 градус, Ысык-Көл менен Нарында 23…25 градус жылуу болот.

Ош менен Бишкек шаарында 28-29 градус ысык болушу күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0