БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Орозо айт 26-июнь, дүйшөмбү күнгө белгиленгенин муфтият билдирди.
Маалыматка ылайык, ислам шариятында Орозо айт күнү жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат.
Жогоруда көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусу боюнча бир күнгө айырмаланып калса Орозо айт 25-июнь күнү болушу мүмкүн экенин эскертти.
Эмгек кодексине ылайык, 26-июнь эс алуу күнү болуп саналат.