Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

БИШКЕК, 9-май. — Sputnik. Шаршембиде түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Бишкек шаарында 27-29, Ошто 28-30 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0