Аба ырайы: Кыргызстандын бардык аймактарында күн жылуу болот

© Sputnik / Табылды КадырбековБульварда бараткан шаар тургундары. Архив
Бульварда бараткан шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Эртең күндүз Кыргызстандын бардык аймактарында күн жылуу болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Үйдөгү жылуулук батареясы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Ошто жылуулук берүү эртең токтотулат, Бишкектики белгисиз
Маалыматка ылайык, кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Күндүз Чүй жана Талас өрөөндөрүндө +11…+16 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында +14…+19 градус, Ысык-Көлдө +8…+13, Нарында 0…+5 градус жылуу болот.

Андан сырткары жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу 22-23-мартта Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин ӨКМ эскертет.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0