Эртең Ысык-Көлдө кар жаап, калган аймактарда күн ачык болот

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Эртең Ысык-Көл облусунда көпчүлүк аймактарда кар жаап, калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Нооруз майрамын майрамдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ноорузга карата аба ырайы
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Тоолуу райондордогу жана тоо этектериндеги жолдор тоңуп, кар күрткү жаралышы мүмкүн.

Бишкек жана Ош шаарларында 7-11 градус жылуу болот.

Чүй, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен дубандарында күндүн көзү ачык болот.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатып, кыштоолордо малды кармоону татаалдантат.

Жаңылыктар түрмөгү
0