Ноорузга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековНооруз майрамын майрамдоо. Архив
Нооруз майрамын майрамдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
21-март күнү өлкөдө жамгыр жаашы күтүлөт. Бирок анча катуу суук деле болбойт.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызстанда март айынын аяк ченинде күн бүркөк болот. 18-марттан 24-мартка чейин жети дубанда тең жамгыр жана кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызгидрометтин аба-ырайын болжолдоо бөлүмү кабарлады.

Нооруз күнү Бишкекте өткөрүлчү майрамдык иш-чаралардын картасы - Sputnik Кыргызстан
Нооруз күнү Бишкекте өткөрүлчү майрамдык иш-чаралардын картасы
Маалыматта март айынын акыркы бир жумасында күн жылып калары айтылат.

Чүй жана Талас облусунун дыйканчылык өрөөндөрүндө абанын орточо температурасы түнкүсүн 7 градуска чейин жылуу болсо, күндүз 22 градуска чейин көтөрүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда түнкүсүн 3 градус жылуу болсо, күндүз 23 градус нөлдөн жогору болмокчу.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2 градус суук болсо, күндүз 10 градуска чейин жылыйт.

Ал эми Нарын облусунун дыйканчылык өрөөндөрүндө абанын температурасы түнкүсүн 8 градус суук болсо, күндүз 8 градуска чейин жылып калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0