00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Балалуу үй базар. Кырктын кырындагы кыргызстандык баатыр энелер

Жазылуу
"Балалуу үй — базар, баласыз үй — мазар" демекчи, үйдө балдардын үнү, каткырыгы жаңырып турса ата-эне үчүн мындан өткөн бакыт жок эмеспи. Кыргызстанда бүгүнкү күндө жетиден ашык баланы төрөгөн жаш баатыр энелер жүздөп саналат.

Социалдык өнүгүү министрлигинин берген маалыматка караганда 40 жашка чыга электе 7ден көп бала төрөгөн жаш баатыр эненин саны ар бир облуста аз дегенде 20дан кем эмес. Аялдардын эл аралык күнүнө карата Sputnik Кыргызстан өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы кырктын кырындагы баатыр энелерди тизмектеди.

© Фото / Айдана Самудинова Мадианна Дарбекованын үй-бүлөсү
Семья Мадианны Дарбековой - Sputnik Кыргызстан
Мадианна Дарбекованын үй-бүлөсү

39 жашында 10-ымыркайын төрөө алдында турган Мадианна Дарбекова

Жаш баатыр энелердин сап башында Чүй облусунун Люксембург айылынын тургуну Мадиана Дарбекова турду. Ал 39 жашында тогуз баланын бактылуу энеси болуп, бир-эки айдан кийин онунчу баласын төрөмүкчү. Улуу кызын 19 жашында төрөгөн баатыр эненин алты кыз, үч эркек уулу бар. Алты баласы мектепке барса, улуу кызы студент. Бирок 40 жашында 10 баланын энеси болуунун алдында турган айым ушул күнгө чейин "Баатыр эне" наамын ала элек.

© Фото / Аида Саадабаева Светлана Ребрикованын үй-бүлөсү
Семья Светланы Ребриковой - Sputnik Кыргызстан
Светлана Ребрикованын үй-бүлөсү

37 жашында сегизинчи баласын көргөн орус кызы Светлана

Жети-Өгүз районунун Конкино айылынын тургуну орус улутундагы Светлана Ребрикова кыргыз мырзасы Сабыр Байсеркеевге турмушка чыгып, жубайлар төрт кыз, төрт уулдун ата-энеси болушкан. 37 жашында сегиз баланын энеси болгон Светанын тун уулу 18 жашта болсо, кичүүсүсү жаңы төрөлдү. Аталган үй-бүлөнүн жашоо шарты орто. Жолдошу Сабыр мал чарба, дыйканчылык менен алектенип үй-бүлөсүн багат. Учурда бул үй-бүлө турак жайы жок болгондуктан Конкино айылында батирде турушат.

© Фото / Бегайым Жусупбекова Жеңишгүл Букарбаеванын үй-бүлөсү
Семья Женишгуль Букарбаевой - Sputnik Кыргызстан
Жеңишгүл Букарбаеванын үй-бүлөсү

34 жашында "Баатыр эне" наамын алган ак-талаалык Жеңишгүл Букарбаева

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетово айылынын тургуну Жеңишгүл Букарбаева 34 жашында жети балалуу болуп, "Баатыр эне" наамын алган. Беш кыз, эки эгиз уулдун энеси 22 жылдан бери Ак-Талаа аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө иштейт. Жолдошу Рустам 50 жашта. Бактылуу ата-эненин эки кызы студент болсо, калган балдары мектепке барат. Айтмакчы, Букарбаеванын өзүнүн апасы да баатыр эне.

© Фото / из семейного архива Гүлзат Жаңыбаеванын үй-бүлөсү
Семья Гульзат Жаныбаевой - Sputnik Кыргызстан
Гүлзат Жаңыбаеванын үй-бүлөсү

39 жашында жети балалуу болгон Гүлзат Жаңыбаева

Ысык-Көл облусунун Барскоон айылынын тургуну Гүлзат Жаңыбаева 39 жашта жети баланын бактылуу энеси болгон. Улуу кызы 21 жаштагы Алтынай Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде студент. Андан тышкары, үч кыз, үч эркек баласы бар. Жолдошу Таалай Касымов мал чарбачылыгы менен алектенсе, Гүлзат мектепте ашпозчу. "Баатыр эне" наамы бар.

© Фото / Бурма Алабаева Дамира Озокееванын үй-бүлөсү
Семья Дамиры Озокеевой - Sputnik Кыргызстан
Дамира Озокееванын үй-бүлөсү

36 жашында сегиз балалуу болгон жалал-абаддык Дамира Озокеева

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кечүү айылындагы Базарбай Алыбаевдин жубайы Дамира Озокеева 35 жашында сегиз баланын бактылуу энеси болгон. Учурда алты кыз, эки эркеги бар. Балдарынын ортосу эки жаштан. Жашоо шарты эл катарында деген бүлө мал чарбачылыгы менен алектенет. Баатыр эне окууну аяктап студент болгон улуу кызы Бурулайдан башкасына 800 сомдон жөлөк пул акча алат. "Баатыр эне" наамын алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0